super.kg logo
  Спорт  

Оштун “EREM” командасы Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда алгачкы беттешин өткөрөт

 

20-июль күнү Кыргыз өлкөсүнүн Футзал боюнча биринчилиги - Суперлиганын жеңүүчүсү Оштун “EREM” командасы Вьетнамда өтө турган клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда алгачкы беттешин өткөрөт.

Маалыматка ылайык, “EREM” командасы “А” тайпасында ойноп БАЭнин “Аль-Дафра”, Австралиянын “Вик-Вайперс” жана Вьетнамдын “Тай Сон Нам” командалары менен беттешет. Жалпы эсеп менен клубдар арасындагы Азия чемпиондугуна 14 команда катышат. Мелдештин регламенти боюнча тайпалык баскычтын жыйынтыгында алдынкы эки команда жарым чейрек финалдык этапка өтөт.

“EREM” командасынын оюнчуларынын тизмеси:

Дарбазачылар: Нуртилек Шайлобаев, Кирилл Ермолов;

Коргоочулар: Улан Байгазы уулу, Дильшат Кадыров, Руслан Ермеков;

Чабуулчулар: Бексултан Назаров, Сухробжон Шерабидинов, Максатбек Алимов, Емадоддин Махаммадивашвае, Манас Абдрасул уулу, Иман Ахмадипаенламуки, Адилет Култаев, Эламан Аринов, Эмиль Канетов;

Башкы машыктыруучу: Амиржан Муканов.

Клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун “А” тайпасындагы оюндардын тизмеси (оюндар Бишкек убактысы боюнча):

1-тур, 20-июль:

15:30 “Аль-Дафра” (БАЭ) - “Вик-Вайперс” (Австралия);

18:00 “Тай Сон Нам” (Вьетнам) - “EREM” (Кыргыз өлкөсү);

2-тур, 22-июль:

15:30 “EREM” (Кыргыз өлкөсү) - “Аль-Дафра” (БАЭ);

18:00 “Тай Сон Нам” (Вьетнам) - “Аль-Дафра” (БАЭ);

3-тур, 24-июль:

15:30 “Вик-Вайперс” (Австралия) - “EREM” (Кыргыз өлкөсү);

18:00 “Тай Сон Нам” (Вьетнам) - “Аль-Дафра” (БАЭ).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
19.07.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ктрка спорт корсотобу?
19.07.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
EREMден умут кылса болот женишти
20.07.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туз эфирден корсотобу... Билгендер айтып койгулачы сураныч...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: