super.kg logo

Владивостокто суунун акчасын төлөбөгөн кардардын колунан каза болгон Кыргыз жигиттин сөөгү эртең алып келинет

 

Орусиянын Владивосток шаарында дүкөндө күзөтчү болуп иштеп жүрүп бир бөтөлкө суу үчүн каза болгон 18 жаштагы А.С. аттуу Кыргыз жигиттин сөөгү эртең, 20-июлда Кыргыз жерине алынып келинет. Анын сөөгүн алып келүү үчүн Владивостокко таятасы барганын SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Байымбетова сөөктү алып келүүгө кеткен чыгымдар бала күзөтчү болуп иштеген дүкөн тарабынан төлөнүп берилиши керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, каза болгон Кыргыз жараны 16-июль күнү саат 19:00 чамасында Владивосток шаарындагы "Престиж" аттуу дүкөндө күзөттө турганда Орусия жараны бир бөтөлкө сууну алып акчасын төлөбөй сыртка чыгып кеткен. Ал артынан чыгып акчасын төлөөнү талап кылганда Орусия жараны анын жүрөгүнө бычак сайып жиберген. Натыйжада бала алган жаракатынан улам ошол жерден каза болуп калган.

Кылмышка шектүү катары 17-июлда Орусиянын 52 жаштагы жараны колго түшүп, кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.07.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кор болдун го ,кыргыз!Кандай сонун умут-тилектер менен кетип ,эми мынтип соогу келгени окундурот...
19.07.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
18 жаш омурдун эн кызык кези да.Жаны жаннаттан болсун!Жакындарына сабыр берсин жараткан!
20.07.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кошунам болчу. Спорт менен машыккан жакшы бала эле. Бейишинен берсин Аллахым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: