super.kg logo
  Спорт  

"Суперфутбол-2013": Кайталангыс оюндар, өзгөчө эмоциялар жана эстен кеткис окуялар...

 
17-май, "Суперфутбол-2013" мелдешинин ачылышы. Алпаруучулар (солдон оңго карай) Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков, "Супер сулуу-2012" Гузеля Келдибаева, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер спортчусу" наамынын ээси Кылычбек Саркарбаев
3 күн бою мелдешти алпарган Эркин Рыскулбеков менен Нурзат Токтосунова
"Суперфутбол-2013" мелдешинин Кубогу
Оюнга комментаторлук кылган “тамашоучулар” Эмил Эсеналиев менен "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча “2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу” Самат Эркинбек уулу көрүүчүлөрдү кымындай зериктиришкен жок
"Билайн" командасынын "Аю" командасына киргизген кезектеги голу
Курч, кызыктуу маанайда өткөн оюндарда "Тез жардам" кызматына муктаж болгон оюнчулар да болду
Күйөрмандык кылуу мындай болот
"SUPER.KG" командасына дем берип турган күйөрмандар
Күйөрмандык кылуу мындай болот
"Z-Fashion" командасынын кыздары оюндун алдында машыгып жаткан кези
"Актёрлор" командасы эс алып жаткан кези
"SUPER.KG" командасынын оюнчулары
"Тамашоу" командасынын күйөрмандары оюнчуларды баштан-аяк колдоп турушту
Көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан кезектеги беттеш
Көрүүчүлөргө 3 күн тең бекер сэндвич жана суу таратылды
Көрүүчүлөргө 3 күн тең бекер сэндвич жана суу таратылды
"SUPER.KG" командасынын күйөрмандары
"Мегаком" - "О!" командаларынын таймашы
"Билайн" - "О!" командаларынын таймашы
"Аю" - "Мегаком" командаларынын таймашы
"Билайн" - КТРК командаларынын таймашы. "Билайн" командасынын дарбазачысы 11 метрден тебилген топту тосуп жатат
Финал. "Билайн" командасы КТРК командасына утулуп калганда... Футболчулар ызаланышты
"Билайн" командасынын оюнчусу Автандил Балыкчиев "SELA" командасынын дарбазасына гол киргизип жаткан кези
КТРКнын чабуулчусу "Билайн" командасынын дарбазасына пенальтилер сериясында топ киргизе албай калды
Суперфутболдо "Билайн" командасынын оюнчусу Автандил Балыкчиев "Эң мыкты оюнчу" наамын алды
Суперфутболдо "SUPER.KG" командасынын оюнчусу Ажара Абдыкадырова "Эң мыкты оюнчу" наамын алды
КРнын Футбол федерациясы "Билайн" командасынын оюнчусу Автандил Балыкчиевге КРнын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларынын кол тамгасы коюлган топту эстеликке берди

Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитинин “Суперфутбол-2013” мелдеши 17-18-19-май күндөрү Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде өттү. Мелдеш жогорку деңгээлде болгонун оюнга күбө болгон көпчүлүк жана спорт тармагында иштеген адистер баса белгилешти. "Супер-Инфо" биримдик жана сергек жашоого үндөйт!" деген ураандын астында уюштурулган бул мелдешке быйыл 18 команда катышып, таймаштардын баары кызыктуу өтүп жатты. Иш-чаранын соңунда 1-2-3-орунду алган командалардан сырткары “Эң мыкты оюнчу” наамы менен "Билайн" командасынын оюнчусу Автандил Балыкчиев жана “SUPER.KG” командасынын оюнчусу Ажара Абдыкадырова сыйланды. Сүрөттөр аркылуу 3 күндүк оюндардын урунттуу учурларын тартуулайбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: