super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда чыр чыгып, отурум үзгүлтүккө учурады

 

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда күбө катары Бактыбек Калпетов суралды.

"2010-жылы 13-майда Дүйшөнкул Чотоновдун жанында жүргөм. Түштөн кийин Исаков экөө Ошко тик учак менен учуп кетишти", - деди Калпетов.

Кийинки күбө Замирбек Аданов: "Мен 2010-жылдын 13-майында Чотонов менен болдум. Себеби ал убактарда анын айдоочусу болуп иштегем. Эртең менен аны үйүнөн жумушка алып бардым. Түштөн кийин аэропортко бардык, бирок учак учпай Коргоо министрлигинин аэродромуна келдик. Ал жерден Чотонов менен Исаков тик учак менен Ошко учуп кетишти", - деди.

Ал эми Руслан Бейшебаев өзүн Талант Маматкеримов менен мектепте чогуу окугандыгын айтты. "2010-жылдары Талант менен чогуу кафелердин биринде отуруп калдым. Руслан Оңолбеков да бар болчу. Талант ошондо "Жакында Азатты "Мегакомдун" тышкы байланыш башкармалыгына жетекчи кылып дайындайбыз" дегенин уккам".

Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары Темир Эмилов да суралды.

"2010-жылы мен Ленин районунун акиминин орун басары болуп иштегем. Август айларында түшкө жакын "Супарага" Өмүрбек Чиркешович менен баргам. Ал жакта орус киши күтүп отуруптур. Биз менен Борбашев ошондой эле Текебаевдин жан сакчысы бар болчу. Орус кишинин Маевский экенин жакында эле билдим. "Супарада" Чотонов жок болчу", - деди Эмилов.

Акыркы күбө сүйлөп жатканда прокурор сотко "Күбөгө залдагылар жардам берип жатат, эскертүү бериңиз" деп кайрылды. Сот залда отурган Канат Азизди конвойлорго айтып чыгарып салды. Буга соттолуучунун тарапташтары нааразы болуп чыгышты. Сот аларды да баарын залдан чыгарып салууну айтты. Залдан эл чыкпай коюп сот Айбек Эрнис уулу 5 мүнөт тыныгуу жарыялап чыгып кетти. Кийин Текебаев менен Чотоновду да залдан алып чыгып кетишти.






Текебаевдин сотунда чыр чыкты 19.07.17

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.07.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сот эмес пот экенго
19.07.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча бул сот бутпой койду! Же кубо келбей калат, башка кунго калтырылат,же узгултуко учурайт?! Куноосу болсо камалсын же кое беришсин тантырап айдан айга, жылдан жалга узартпай! Надоела уже!!!
20.07.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал болуп кеттиго биягы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: