super.kg logo

Бишкекте короо шыпырган аял менен байланышкан мушташтын чоо жайы айтылды

 

16-июлда Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульварында бир топ кишинин катышуусунда мушташ чыкканы маалымдалган. Мушташтын келип чыгуу себептери тууралуу Ленин райондук салык кызматынын мекемесинин короосун шыпырып иштеген Сабилат Орозбаева SUPER.KG порталына айтып берди.

Орозбаеванын айтымында, 6 жылдан бери аталган мекеменин короосун шыпырып иштейт. 4 500 сом айлык алат.

"Ошол жердеги жашоочуларды мен сыртынан тааныйм, "чаңытпа, тигинтип шыпыр, минтип шыпыр",- деп айта берет. Мен ага көнүп калгам, ошол күнү да шыпырып жатсам ошол аялдар кыйкырып жатышты, демейдегидей көңүл бурбай эле жумушумду уланта бердим. Ошол аялдарга жакын отурган бир киши "Эй, акмак, сага айтып жатат, укпай жатасыңбы", - деп кайрылды. Мен да ачууланып, эмнеге энең менен тең аялга антип сүйлөйсүң десем, мени көздөй таш ыргытты, ал таш колума тийди. Кан басымым бар болгондуктан өзүмдү жаман сезе баштадым, дарыларымды жаныма албагандыктан эжеме чалып дары алып келишин өтүндүм. Аңгыча балдарым келип калды. Уялбай эле айтайын, күйөөм экөөбүздүн жеке мамилебизге чейин асылып, мени абдан уят сөздөр менен кемсинтти. Балдарым дарыларымды берип жатканда жанагы киши келип калды. Анан каны кызуу балдар бирөө анын апасына ошентип сүйлөп жатса карап турбайт да. Ошентип мушташ чыгып кетти, аңгыча мушташкандарды ажыратып калышты. Эки балам эки жагымдан колтуктап Жаш Гвардия бульвары жакка чыгып баратканыбызда бир унаадан топ балдар түшүп эле 2 баламды басып калышты. Мен инсульт болуп калбайын деп газонго жата калдым", - деди Орозбаева.

Ал өзүнүн дарегине айтылган сөздөр өзүнөн да балдарын катуу ыза кылганын белгилеп, мушташтан бир баласы жабыркап Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда дарыланып жатканын кошумчалады. Мушташтан кийин баш мээси чайкалып, сол бутунан жаракат алган Өмүрбек Нуржигит уулу буларга токтолду.

"Биз барып ал кишиге жакшы айтып, кечирим эле сурасын дейин дегенбиз. Аңгыча эле ал бир-бирден келгиле деп агамды муштап жиберди. Ошол жердин жашоочулары болсо керек, кошулуп кетип 7-8дей кишиге көбөйдүк. Апам чөптө начар абалда жаткан эле, мушташты токтотуп көчө жакка чыктык. Бул убакта унаа токтоп ичинен дагы топ балдар түштү. Ошентип агам экөөбүздү сабап салышты. Мен көргөм, ал киши телефондон сүйлөшүп жаткан, ошол унаа менен келген балдарды ошол чакырып коюшу мүмкүн", - деди Өмүрбек.

Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Майрамкүл Аскарбекова төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Эки жак тең арыз жазган, ооруканада дарыланып жатышат. Ал жактан чыккандан кийин дарыгерлердин бейтаптардын ден соолугуна байланыштуу билдирмесине карата юридикалык баа берилет", - деди. Ошондой эле эки тараптын арызын эки тергөөчү карап, учурда материалдар чогултулуп жатканын кошумчалады.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын оюн угууга даяр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(18)
24.07.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Шалаакылар!! Эмгиче иш козголо элек имиш! Кочоо шыпыргычты олтуруп кетсе да баары бир окшойт!
25.07.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
AIZAD,сен тазасын го закондуу турдо болот да баары еки жак тен арыз жазыптыр!териштирет да !
24.07.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Ыймыныбыз кети биронун эмгекгин сыйлаганда билбейбиз 4500 сом алып ошонтип иштеп атса мен колдомокмун . Чаныса не экен суу алып келип чачып берсе деле болмок . Эже сизге денсоолук чындык сиз тарапта 100%
24.07.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тиги урган адам акчасына копкон немего.
24.07.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Эми кылмышты бечара апанын балдарына оодара салбаса эле болду.Бизде мыйзам пулу жокко иштеп,акчасы коп байларга иштебей калчу эле.
24.07.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кочонун баарына ким кайдан суу себет кайра рахмат айтышпайбы бул кандай адамдар озу...
24.07.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
бети жок уялбай кочо шыпырган аялга асылган еркек еркектей болсо боло . аял кишини сыйлоо деген жоголуп кетти
24.07.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ish dele kozgoboit go! Super infonun jamaaty silerge BIZ okurmandarynar kairylabyz ushul ishti ayagyna cheyin chygaryp akyikattykka chekit koyulushuna jardam berizder! Ushul ish ayagyna chyksyn!!! Ech kim ech kimdi kemsintuugo akysy jok!
25.07.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
engel, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
24.07.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жазасын алыш керек акмак десе
24.07.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Adam dele emes go enesindei bolgon ayaldi kemsintse.algan ailygy 4500som bolso,je emne kocho shypyryp ishtese basynta berse bolobu?eje uuldarynyz aiygyp ketsin,adilet chechim chyksa eken ,kunoolulor jazasyn alyshsyn.
24.07.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошол чанытпа деген адамды да корсотуп койбопсунар.Кандай адам ал?Акмак!Башка жакка барып турбайбы шыпырып буткучо?Ошол жерде эле мурдун жара тээп кочо шыпыртыш керек эле,ага окшогон эки буттуу айбанды!
24.07.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тиги акмактардан алчусун алып берки эженин балдарын куноолу кылып койбосоле болду, шыпырып атса чандайтда анан, чан болуп атса басып кетсин башка жака аял мн айтышпай, жарытарлык алган айлыгы болбосо ошолордун эмгегин баалаш керек.
24.07.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу кечиресиздер бирок бул ачуу чындык жана факт Бишкекте жана Чуйдо озудон чондорду сен деп айткандары жакпайт.Магада бир менден он жаш кичуу бала брат каччы нары деп гопол суйлогон.
24.07.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
тазалагыч да адам эне уятынар болсо кечирим сурагыла кудайдан коркуп уяты жоктор
25.07.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ким болду экен ошол адам кейпиндеги бокмурун?! Эххх ..!
25.07.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай окуянын жузун ары кылсын бирок менин апама биро ушул созду айтса. Урук аймагы менен кууратмакмын
25.07.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Государство толоп берет деген кыздын атасы окшойт тооба, чондор ушунтип атса жаштар кимден улгу алат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: