super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотуна Жогорку Кеңештин депутаттары киргизилген жок

 

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана айрым журналисттер киргизилген жок.

Үзгүлтүккө учурап, кайра башка залдан улантылган отурумда жактоочулар прокурор Жахонгир Ботобаевди соттук иштен четтетүү өтүнүчүн келтирди. Сот тыныгуу жарыялап чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

Буга чейин күбө сүйлөп жатканда прокурор сотко "Күбөгө залдагылар жардам берип жатат, эскертүү бериңиз" деп кайрылган. Андан соң сот залында отурган Канат Азизди конвойлор сыртка чыгарып салган. Буга соттолуучунун тарапташтары нааразы болгон учурда, сот аларды да баарын залдан чыгарып салууну айткан болчу. Залдан эч ким чыкпай коюп, соттук отурум үзгүлтүккө учураган эле.






Текебаев менен Чотоновдун сотуна депутаттар киргизилген жок

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.07.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Соттун озун залдан кууп чыгыш керек болчу прокурорун кошо. Болбогон иш менен убара большой пайдалуу иш кылышса болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: