super.kg logo

7 миң сом айып салынган Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы мамэкотехинспекциянын кызматкерлерин сотко берди

 

Талас облусундагы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлерин сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына Дооронбеков өзү билдирди.

"Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып 7500 сом айып салышты. Бирок мен алардын чечимине макул эмесмин. Ошондуктан райондор аралык сотко арыз менен кайрылып айыпты жокко чыгарууну суранып жатам. Ал эми экотехинспекциянын кызматкерлерин кабинеттен кууп, сөктү делген жалган маалымат. Алар юридикалык билими бар кишилер. Эгер андай болсо милицияга же башка тиешелүү тараптарга арызданмак да. Эмгек китепчени бербей койду деген да туура эмес. Субанбекова деген кызматкер бир да жолу мага китепчемди бер деп кирген эмес. Ал китепчени алам деп коюп Түркияга иштегени кетип калган. Кийин келгенден кийин дароо эмгек китепчесин бердик", - деп билдирди Дооронбеков.

Эске салсак, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтык абалынан пайдаланып, кызматкерлерге одоно мамиле жасап, алардын эмгек китепчелерин бербей келгенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: