super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда прокурорго 4-жолу, сотко 8-жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчү келтирилди

 

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучулардын жактоочулары мамлекеттик айыптоочу Жахонгир Ботобаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн келтиришкен. Бирок сот Айбек Эрнис уулу ал өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды. Андан соң жактоочулар сот Айбек Эрнис уулуна ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн келтиришти.

"Урматтуу сот, сиз прокурордун мыйзамды тебелеп-тепсегенин көрүп туруп, ага карата чара көргөн жоксуз. Ошондуктан жактоочуларым тарабынан сизге карата көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүктү колдойм. Биз жакынкы күндөрү соттор кеңешине силердин аракеттериңерге карата баа берилүүсү тууралуу айтабыз. Бүгүнкү күнгө чейин 27 күбө биздин пайдабызга көрсөтмө берди. Алардын баары Маевскийдин калп айтканын ачыктады", - деди Өмүрбек Текебаев.

Ушуну менен жактоочу Жахонгир Ботобаевге 4-жолу, сот Айбек Эрнис уулуна 8-жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчү келтирилди.

Буга чейин күбө сүйлөп жатканда прокурор сотко "Күбөгө залдагылар жардам берип жатат, эскертүү бериңиз" деп кайрылган. Мындан улам залда отурган Канат Азиз конвойлор тарабынан чыгарылган болчу. Буга соттолуучунун тарапташтары нааразы болушкан. Андан соң сот баарын залдан чыгарып салууну айткан эле. Бирок эл залдан чыкпай коюшкан. Кийин соттук отурум айыпталуучулардын тарапташтары киргизилбестен, башка сот залында улантылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: