super.kg logo

“Вечерний Бишкек” басмаканасынын мурдагы эсепчиси: "Александр Рябушкин мени коркутуп, тийиштүү документтерди беришимди талап кылган"

 

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда “Вечерний Бишкек” басмаканасынын мурдагы ээси Александр Кимдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Бүгүнкү соттук отурумда күбө катары басмакананын мурдагы башкы эсепчиси Ирина Вебер суралды.

Дивиденттер Кыргыз мыйзамдарынын чегинде ээлик кылган адамдарга өз учурунда берилип турган. 2015-жылы бир топ текшерүүлөр жүрдү. Прокуратура, УКМК, салык, каржы полициясы жана башка бир топ укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүштү. Бирок бир да мыйзам бузуу таба алган жок”, - деди Ирина Вебер.

Ал эми прокурор “Вечерний Бишкек” басмаканасынын учурдагы директору Александр Рябушкинге дивидент төлөмдөрү болгон же болбогонуна кызыкты. Ага мекеменин мурдагы башкы эсепчиси Ирина Вебер “Рябушкиндин басмаканага ээлик кылуусу боюнча бир да документ болгон эмес. Аны мен басмаканага башкы директор болгондо 2015-жылы сентябрь айынын башында көрдүм. Ал менден тийиштүү документтерди беришимди талап кылды. Кийин коркутуп, жумуштан кетирди” деп жооп берди.

Мындан тышкары соттук отурумда күбө катары Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын адиси Барчынай Камчыева суралды. Ал басмакананын кайра каттоого алынуусу боюнча суроолорго жооп берди.

Эске салсак, “Вечерний Бишкек” басмаканасынын учурдагы директору Александр Рябушкин басмакананын мурдагы ээси Александр Кимден 27 миллион сом талап кылууда. Анын арызынын негизинде Александр Ким кызмат абалынан пайдаланып, компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган деп айыпталууда. Александр Ким өзүн коюлуп жаткан айыпты четке кагып, муну саясий басым катары айтып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: