super.kg logo

Бишкекте "Вастрам-Индия текстилинин керемет дүйнөсү" көргөзмөсү ачылды (фото)

 

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бүгүн, 19-июлда "Вастрам-Индия текстилинин керемет дүйнөсү" аттуу көргөзмө ачылды. Ага Индия элинин аялдарынын улуттук кийимдери, кездемелери, дасторкондору, жаздыктары жана кооз килемчелери коюлган. Ачылыш аземге уюштуруучулар Индиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Лакшманан Савитри, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов жана башка бир катар маданият өкүлдөрү, дизайнерлер катышышты. Салтанаттуу иш-чарада конокторго индиялыктардын улуттук бийи тартууланып, кыргыз дизайнеринин Индия кездемесинен тигилген көйнөктөрүн кийген кыздар мода көрсөтүштү.

"Вастрам деген сөздү кыргызчага которгондо кийим дегенди билдирет. Көргөзмөгө коюлган буюмдардын дээрлик бардыгы колго токулган. Алардын ар бириндеги саймада философиялык терең ой камтылган. Индиялыктарда кийимди социалдык абалына жараша кийишет. Көргөзмөнүн максаты - эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, элибиздин ажайып Индия дүйнөсү менен таанышуусуна көмөктөшүү", - деп билдирди уюштуруучулардын бири Миррахим Токтогулов.

Ал эми элчи Лакшманан Савитри көргөзмө Индия менен Кыргыз мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына жана Индиянын эгемендүүлүгүнүн 70 жылдыгына арналып ачылганын айтты. Белгилей кетсек, көргөзмө 2-августка чейин уланат.






"Индия текстилинин керемет дүйнөсү" көргөзмөсү ачылды

Индия бийи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.07.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге индиялык бийчилер эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: