Бишкекке Башкортостан менен Татарстандын башчылары келиши күтүлүүдө

Эртең, 20-июлда Бишкекте өтчү Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна катышуу үчүн Башкортостандын башчысы Рустем Хамитов, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана Якутия Республикасынын мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков келиши мүмкүн. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Форумдун расмий ачылышы 20-июлда Бишкекте болуп, 21-23-июлда Чолпон-Ата шаарында улантылат.
Форумда Евразиянын кеңири аймагында жашаган Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.
Форумдун ишине 100дөн ашуун чет элдик жана Кыргыз жеринин алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр катышат.
Эл аралык форумдун алкагында 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунда "Алтай көчү" экспозициясынын расмий ачылышы күтүлүүдө. Борбордо 30 боз үй тигилип, Алтай тектүү элдеринин турмуш-тиричилигин, улуттук көчмөн салттарын чагылдырган жандуу музей жайгаштырылмакчы. Экспозиция каалоочулар үчүн 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык болот.
Чолпон-Ата шаарында форумдун иши секцияларда өтөт. Окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн акыркы жыйынтыктарын кеңири талкууга коёт. Эл аралык форум декларация кабыл алуу менен аяктайт.

