super.kg logo

Юрист: "Курулуп жаткан үйдөн кулап каза тапкан куруучунун жакындарына курулуш компания компенсация төлөөгө милдеттүү"

 

Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапкан куруучунун үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшү керек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге юридикалык компаниянын адиси Азиз Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, жаракат алган жана каза тапкан куруучуларга курулуш компаниясы компенсация төлөп бериши керек.

"Жаракат алган куруучуга курулуш компаниядан дары-дармекке, операцияга жана бардык чыгымдарга каражат төлөнүшү керек. Эгерде жабыр тарткан адам майып болуп калса, компания ага ай сайын акчалай жардам берүүгө милдеттүү. Курулуш компания менен куруучунун ортосунда келишим жок болгон кезде же болбосо компания компенсация төлөгөндөн качуу аракетин көрсө, бул иш сот аркылуу чечилет. Ал үчүн куруучу "эмгекке жарамдуулугу жоктугу" тууралуу корутундусун алыш керек жана Мамлекеттик экология жана техникалык инспекциясына арыз жазат. Алар акт түзүп иликтөө иштерин баштап, курулуш компанияга эскертүү берет. Каза болгон куруучунун үй-бүлөсүнө дагы курулуш компания акча төлөп берүүгө милдеттүү", - дейт Азиз Токтосунов.

Эске салсак, Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн куруучулары кулап, бири ошол жерден каза болуп, экинчиси оор абалда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: