Америкалык жашоочу үйүнүн чатырына бийиктиктен түшкөн 7 килограммдык эттин чоо-жайын түшүнө албай жатат
Чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 19-июлда маалымдагандай, Американын Флорида штатындагы Дирфилд-Бич шаарынын тургуну Трэвис Эйдар түн ортосу үйдүн чатырынан чыккан катуу үндөн ойгонгон. Ал ошол эле замат үйдүн чатырына чыгып, 7 килограмм салмактагы этти алып түшкөн. Үйдүн кожоюндары бул эт алардын үйүнүн үстүнөн учуп өткөн жүк ташуучу учактан түшкөн деп болжолдошууда.
Чочконун тоңдурулган этин баңгизат ташыгандар алып кетип жатышы мүмкүн деген шек менен этти майда бөлүктөргө туурап чыгышкан. Бирок ичинен эч кандай баңгизаты табылган эмес.
"Биз эттин сыртындагы кагазда көрсөтүлгөн ишканага чалып, бул окуя тууралуу айттык. Бирок алар менин айткандарымды таптакыр түшүнө албастыгын билдиришти. Ишкананын өкүлдөрү мени акылдан айныган адам катары кабыл алды окшойт", - деген Эйдар.
Бул окуяга таңданган үй-бүлө эттин кантип алардын үйүнүн чатырына түшүп калганын иликтөө үчүн полицияга кайрыларын билдирген.


1 |