ЖЫЛНААМА, 19-ИЮЛЬ: 33 жыл мурун советтик актриса Фаина Раневская көз жумган



33 жыл мурун, 1984-жылы 19-июлда советтик актриса, СССРдин Эл артисти Фаина Раневская оорудан улам Москвада көз жумган. Ал 87 жашта эле. Анын сөөгү Москвадагы "Жаңы Донск" көрүстөнүнө эжеси Изабелланын жанына жерге берилген.
Фаина Раневская 1896-жылы 27-августта Орусиянын Таганрог шаарында туулган. Ал Таганрог Мариинск кыздар гимназиясын аяктап, А.Ягеллонун (А.Н.Говбергдин) жеке менчик театр студиясында таалим алган. Фаина Раневская Москва алдында, Крымда, Ростов-Дондо, Бакуда, Архангельскиде, Смоленскиде жана башка шаарлардагы ар кыл театрларда роль жараткан.
Москвада Камералык театрда (1931-1935), Кызыл Армиянын Борбордук театрында (1935-1939), Драма театрында (азыркы В.Маяковский атындагы Москва академиялык театры, 1943-1949), А.С.Пушкин театрында (1955-63), Москеңеш атындагы театрда (1949-1955, 1963-1984) иштеген. 1934-жылы алгачкы жолу кинодо - Михаил Роммдун "Болтогой" ("Пышка") деген тасмасында роль жараткан. Айтылуу "Карлсон кайтып келди" деген мультфильмдин үнүн жаздырууда, ал Фрекен Бок деген кейипкердин үнүн окуп берген.
Британдык "Who is Who" энциклопедиясынын 1992-жылкы чыгарылышында аны 20-кылымдагы даңазалуу өнөрпоз айымдардын тизмесине кошкон.
19-июлга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.