super.kg logo
  Спорт  

Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз курамасы Иранга 1:2 эсебинде жеңилди (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Иран курамасы менен беттешти. Оюн 90 мүнөт бою кызуу жүрүп, эки команда тең жогорку деңгээлдеги футбол тартуулашты.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө атаандаштар үстөмдүк кылып, бир нече жолу дарбазага топ киргизүү аракетин көрүшкөнү менен, 11-мүнөттө Кыргыз футболчусу Роман Левченко эки коргоочуну алдап өтүп, эсепти ачты. Бирок арадан 3 мүнөт өтпөй Иран өлкөсүнүн курамасынын чабуулчусу Реза Шекари жооптук голду киргизди. 42-мүнөттө ирандык жарым коргоочу Али Гулизаде бир канча коргоочуларды жазгырып өтүп, эсепти 1:2 кылды. Муну менен катар 44-мүнөттө башкы калыс Кыргыз өлкөсүнүн коргоочусу Аскарбек Салиев экинчи сары кагазын көрсөтүп, үй ээлери 10 оюнчусу менен калды.

Экинчи таймды коноктор чабуул менен баштаганы менен, Кыргыз футболчулары топту карамагына алышты. Күйөрмандардын колдоосу менен чабуулдарын күчөтүп, маал-маалы менен коноктордун дарбазачысына кооптуу соккуларды узатып жатышты. Роман Левченконун башы менен узатылган соккусу таамай болгону менен калыстар офсайд деп белгилешти. Акыркы мүнөттөрдө Сүйүнтбек Мамыралиев жана Бахтияр Дүйшөбековдун соккусун Иран дарбазачысы тосуп кетти. Кыргыз жаш футболчулары биринчи таймга караганда экинчи бөлүктө мыкты оюн көргөзүшкөнү менен, эсепти теңей албай калышты.

Бул оюн менен "А" тайпасында Иран 3 упайга ээ болуп, 1-орунга көтөрүлдү. Эми Кыргыз футболчулары 21-июлда саат 19:00дө Оман менен ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
19.07.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оюн кучтуу болду. Кыргызстанга болгону ийгилик жылмайбады.

Иран оюнчулары убакытты созуу менен кобунчо алек болду.

Анан дагы ортодогу калыс Иран олкосунун футболчуларына тартып туруп алгандай болду.


Эми эмне дейбиз. Кийинки оюнга ийгилик. Оман курамасын утсун. Жок дегенде группадан 2-местону алышсын.
19.07.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Группадан 2-местону алып тандоо турларынан отуп кетишсе буюрса Кыргызстан олимпиадалык курамасын Азия чемпионатынан (U23) коруп калабыз....
20.07.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ойношту биздикилер! Молодцы!!! Алга!!
20.07.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
уткан кунунор болобу качан болсо утулду дегенин окуйбуз
20.07.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ойун болду.. 3.23.8. номер менен ойногон кыргыз жигиттер кийинки ойунга чыкпай еле койгулачы..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: