Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болду (фото)





Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу жана эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
"Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алышкан. Хонда Одиссей унаасында 6 адам, оор жүк ташуучу унаада 2 адам болгон. Учурда алардын абалдары канааттандырарлык. Ал эми Хонда Степвагон унаасындагы 9 адамдын 8и (4 эркек, 3 аял, 5 жаштагы кыз) окуя болгон жерден каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына "Тез жардам" унаасы менен жөнөтүлгөн, абалы оор. Каза болгон адамдардын аты-жөнү такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Саламаттыкты сактоо министрлиги айдоочунун абалы оор экенин, баш мээсинен катуу жаракат алганын кабарлады.
8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы


он рулдуу машиналарды алып салса ушул кырсык азаймак!Жолду жакшына кылып бутоп койсо дагы ушул кырсык азаймак!
Самелётго билетти арзаныраак кылып сатса,аэрапортторду жакшылап ишке киргизсе ушул кырсык азаймак!
Эээх элди ойлогон журт башчы келээр бекен деги.???
Эмне дейбиз бейишин тилегенден башка арга жок!!(((((((((((
Да бийлик кунооубу адамдар кызыксынар ээ
Жайы жаннаттан болсун.