super.kg logo

Бишкекте 6 күндөн бери дайынсыз болгон 25 жаштагы кыздын агасы: "Апамдын абалы оор, кайрылып келчи, карындашым"

 

Бишкекте Таалайбек кызы Бактыкан аттуу 25 жаштагы кыз 6 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 14-июль күнү кечки саат 20:30 чамасында Бишкектин четиндеги ТЕЦ-2 тараптагы өзү иштеген "Бекжан" деген кафеден чыгып кетип, ошол бойдон үйүнө келген эмес. Өзүн Улукбек деп тааныштырган агасы SUPER.KG'ге 20-июлда кайрылып буларды айтты.

"Бактыкан ошол күнү кафеден чыгып аялдамада турган жери видеокамерага түшүп калыптыр. Бирок андан ары кандай маршруткага же таксиге отуруп, кайда кеткени белгисиз. Карындашым 500 же 1000 сомду гана санай алат, башка акчаларды санай албайт, анын үстүнө шаарды билчү эмес. Бактыкан, апабыздын кан басымы көтөрүлүп, абалы оор болуп жатат. Эгерде таарынып калып келбей жаткан болсоң кайрылып келчи, сени сагындык, сени жакшы көрөбүз", - деди.

Анын айтымында, Бактыкан жоголгонго чейин 10-15 күн мурун үйүндөгүлөр аны урушуп коюшкан.

Бактыкандын өзгөчө белгилери: бою 150-160 сантиметр. Үстүнө ак түстөгү футболка, күлгүн түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү шым кийип, боз түстөгү сумка асынып алган. Байланыш телефондору: 0550 88 19 03, 0553 69 65 69, 0706 69 65 69, 0702 86 47 03, 0708 92 22 38.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.07.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Табылып калса экен аман эсен
21.07.2017. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500же 1000ду гана санай алат дегени эмнеси? Табылып калсын эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: