super.kg logo

Жогорку окуу жайлардагы бюджеттик орундарга тандоонун 1-турунда 2,5 миң абитуриент кабыл алынды

 

Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгында бюджеттик орунга 2520 абитуриент кабыл алынды. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен тастыкташты.

Министрликтин профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошев билдиргендей, өлкөдө ЖОЖдорго 5 миңдин тегерегиндеги бюджеттик орун берилет. Учурда анын 50 пайызы толтурулду. Жалпысынан бул жылы 48,5 миң окуучу жалпы республикалык тест тапшырып, 26 миңи босого баллдан өткөн. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы саны 62 миңди түзөт.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек Гуманитардык университетиндеги бюджеттик орундардын 50 пайыздан азыраагы, Кыргыз Улуттук университетинде 43 пайызы, Кыргыз-Орус Славян университетинде 39 пайызы, Ош технологиялык университетинде 44 пайызы, Ош мамлекеттик университетинде 45 пайызы толтурулган. Ал эми ИИМдин алдындагы академия 125 бюджеттик орундун 120сына абитуриенттерди 1-турда эле кабыл алып койгон. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы бюджеттик орундардын 32 пайызы 2-турга калтырылган.

Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга талон тапшыруунун 2-туру 17-июлдан 22-июлга чейин жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: