Бишкекте Челябинск облусу менен ишкердик кызматташууну жакшыртуу багытында бизнес форум өткөрүлдү










Бүгүн, 20-июлда Бишкекте "Ишкердүүлүк кызматташуунун негиздерин бекемдөө" багытында бизнес-форум өткөрүлдү.
Форумга Орусиянын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский жана Орусиянын соода-өнөр жай кызматынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев жана бизнес тармагынын өкүлдөрү катышышты.
Форумдун жүрүшүндө, эки тараптуу соода тармагында өз ара долбоорлор менен биргеликте бизнес чөйрөсүн активдештирүү маселеси айтылды.
"Биз эки тараптуу иш жүргүзүп, иштешибиз керек. Эмгектенүү зарыл. Максатка жетиш үчүн мамилени бекемдөө зарыл. Ал үчүн Кыргыз өлкөсү менен оюбуз, максатыбыз туура келет деп ойлойм", - деди Дубровский.
Иш-чаранын жүрүшүндө 70 жылдык тарыхы бар Урал унаа заводунун ишмердүүлүгү чагылдырылган фотослайд көрсөтүлдү. Ошондой эле Челябинск облусунун аймагындагы заманбап жаңы технологиялар менен иштеп жаткан заводдордун жана бизнес компанияларынын эмгектери жана ишмердүүлүктөрү тууралуу баяндалды.
