Арзыбек Кожошев: "Ишкерлердин товарлары техникалык регламентке ылайык талапка жооп бербесе, артка кайтарылбай ордунан жок кылынат"

Мындан ары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагына кирген товарлар талапка жооп бербесе жок кылынары тууралуу эскертме алышканын экономика министри Арзыбек Кожошев ЕЭКтин жыйынында журналисттерге интервью берип жатып билдирди.
"Биздин ишкерлерге тоскоолдук жараткан ветеринардык постту Казакстан али ала элек. Биримдикке мүчө 5 мамлекеттин 4ү ветеринардык постторун алууга даяр, бир гана Казакстан макул болбой жатат. Ал эми техникалык регламенттер 12-августтан тарта толук күчүнө кирет. Техрегламентке ылайык, ишкерлердин товарлары талапка жооп бербесе, артка кайтарылбай ордунан жок кылынат. Орусия тарап бул жөнүндө бир эле бизге айткан жок. Мүчө мамлекеттердин баарына тиешелүү эскертме. Ошондуктан ишкерлерибиз зыян тартып калбашы үчүн кайдыгерленбей товарларынын документтерине так болуулары керек", - деди Кожошев.
Ошондой эле ал бажы биримдигине кошулуу туура болгондугун, экономикалык көрсөткүчтөр өсүп, мигранттардан акча которуулар 30 пайызга жогорулагандыгын кошумчалады.
