Башкортостандын президенти: “Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бизге эң жакын иш-чара болуп саналат”
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бизге эң жакын иш-чара болуп саналгандыктан спортчуларыбыз татыктуу чыгышты”, - деди бүгүн, 20-июлда “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдери” эл аралык форумунун ачылышында Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов.
Ал өз сөзүндө Кыргыз мамлекети менен Башкортостандын кызматташуусунун зарылчылыгын айтты. Анын айтымында, бүгүн форумдун алкагында Орусиянын илимдер академиясы “Манас” эпосунун котормосун тартуулайт. Ошондой эле ал кыргыз окумуштуулары алардын дагы эпосторун которуп жатканын кошумчалады. Орус тилин өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеп, улуттар аралык мамиленин тили болуусу керек экенине токтолуп, котормочусу жок сүйлөшүү керек экенин билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген форум өтүүдө. Ага Алмазбек Атамбаев, Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышууда.
