super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кызыл-Кыя шаарындагы тазалыкты жакшыртуу үчүн эми таштандылар трактордун чиркегичине ыргытылат" дейт мэр

 

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Султанов, Маяковский жана Ленин көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн арасында жайгашкан таштанды таштоочу жай 1 жумада бир жолу тазаланып турат. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июлда шаар мэри Эрмекбай Топчубаев SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин окурман шаардын аталган көчөлөрүнүн жашоочулары таштандылар чыгарылбай жаткандыгы үчүн мэрияга нааразы экендигин маалымдаган.

Топчубаевдин айтымында, таштандыны чыгарган ишкананын атайын техникасы бузулуп калгандыгына байланыштуу аны чыгаруу 1 ирет гана кечиктирилген.

"Негизи көп кабаттуу 8 үйдүн арасында жайгашкан бул таштанды таштоочу жайда каралчу маселелер бар. Ал үйгө жакын жайгашкандыктан аны жылдыруу маселеси өткөн жылы каралып, бирок которууга орун аныкталбай калган. Бул жылы шаардагы тазалыкты жакшыртуу максатында кошумча 2 техниканы сатып алууну пландаганбыз. 1 трактор,1 таштанды ташыган унаа жана трактордун 3 чиркегичин алабыз. Эми ошол таштанды таштоочу жайлардын ордуна трактордун чиркегичтери коюлат, ал толгондо дароо трактор менен сүйрөп кетүүгө оңой жана аны мал-жан аралай албайт, таштанды чачылбайт", - дейт мэр.

Ошондой эле калктын таштанды таштоо маданиятын жогорулатуу үчүн да мэрия тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: