super.kg logo
  Саясат  

Ажолукка аттанган Сооронбай Жээнбеков премьерликтен качан кетери белгисиз

 

Ушул жылдын 15-июлунда КСДП партиясы президенттик жарышка премьер-министр Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып көрсөткөн. Коомчулукта Жээнбековдун премьерлик кызматты качан тапшырары талкууланууда. Өкмөт башчынын мындан аркы иш-аракеттери үгүт болуп каларын айтып, аны кызматтан кетүүгө чакыргандар бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мамлекеттик кызматтагы жаран талапкер катары расмий катталгандан кийин гана кызматын тапшырарын билдирди. Сооронбай Жээнбековду талапкер катары көрсөтүү чечими БШКга түшкөнү менен ал талапкер катары расмий каттала элек. Мекеменин маалыматына таянсак, талапкерлерди каттоо 2017-жылдын 9-сентябрында аяктайт. "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде "мамлекеттик саясий кызматта иштегендер талапкер катары катталган учурдан тартып шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин кызматтык ыйгарым укуктарын токтотору" жазылган.

Мыйзамга ылайык, Жээнбековдун азыркы кызматында сентябрга чейин иштөөгө укугу бар. Ал эми БШК Сооронбай Жээнбековду качан талапкер катары каттап, жарыялай турганы белгисиз. Балким, бүгүн, балким, 2017-жылдын 8-сентябрында каттайт...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: