super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Кыргыз өлкөсүндө эне жана балдардын өлүмү азайды"

 

Кыргыз өлкөсүндө акыркы 10 жылда эне жана балдардын өлүмү 40 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Эне жана баланын саламаттыгын сактоодогу прогрессти тездетүүгө арналган эл аралык жолугушууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаева билдирди. Анын айтымында, акыркы 10 жылдын ичинде Кыргыз мамлекетиндеги адамдардын өмүрүнүн узундугу мурдагыга салыштырмалуу 3 жылдан ашыгыраак убакытка көбөйгөн. Башкача айтканда, орточо эсеп менен 80 жашка жеткен. 2016-жылы дарыгерлер 2015-жылга салыштырмалуу 1300гө көбүрөөк адамдын өмүрүн сактап калышкан.

Симпозиумда биринчи айым Раиса Атамбаева: "Бул жолугушуу өлкөбүздөгү жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана энелердин саламаттыгын бекемдөөгө көмөктөшөт. Кыргыз мамлекетиндеги эне жана ымыркайлардын өлүмү акыркы жылдары азайды. 1990-жылдан бери 100 миңден ашуун 5 жашка чейинки балдардын өмүрүн сактап кала алдык", - деди.

Ошондой эле биринчи айым эч жери оорубайт деп эсептелген 9, 10, 11-класстын окуучу кыздарынын 600үнө медициналык текшерүү жүргүзгөндө аларда угуу, көрүүнүн начарлап кетүүсү, нерв жана репродуктивдик системдеринин ооруларына чалдыккан учурлар көп кездешери белгилүү болгонун айтты. Текшерүүдөн өткөн 600 кыздын 61 пайызы жогоруда аталган ооруларга чалдыккандыгы аныкталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү социалдык теңсиздиктен улам шаарда жашаган адамдар медициналык кызмат көрсөтүүдөн жакшы пайдаланып, айылдын тургундарынын шарттары жок болуп жатканын белгилешти. Ошондой эле алар эненин жана баланын төрөт үйүнөн чыккандан кийинки абалын көзөмөлдөө жолдорун талкуулашарын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Министр өткөн жумада интернетте талкуу болуп жаткан төрөт үйүндө эгиз баламын бирөөсүн сатып жиберди деп айткан, ата - эненин суроосуна эмне деп жооп берет экен.
20.07.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кессарево сечение менен төрөгөн болсо, баланын салмагы да чоң болуп жатат.
Бир эле бала төрөлгөн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: