super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эх, эркек качан сулуулукка тойчу эле. Беттеги сулуулукпу же фигурасыбы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Беттеги сулуулукпу же фигурасыбы?" деген тема ачылып, анда автор жигиттердин бул тууралуу оюн сураган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Беттеги сулуулукпу же фигурасыбы деп болуп көрсөтүүгө болбойт деп ойлойм. Адатта сырткы келбет, анын ичинде беттин сулуулугу ички дүйнөнү чагылдырып, кабар берип турат. Чехов адамда баары - жан-дүйнөсү, жүрөгү, кийими сонун жана окшош болот деп айтпады беле. Жеке мага экөө тең маанилүү. Анан дагы фигурасы жакшынакай, өзү сулуу эмес деген туурабы? Ар бир адам, анын ичинде кыздар дагы "по-своему" сулуу жана кайталангыс".

"Ар адамдын табити ар башка болгондуктан мындай суроого жооп бериш татаал. Мисалы, менин койгон шартыма көп кыздар дал келе бербейт, (балким, ошондуктанбы, кыз табышым абдан кыйын). Анда санда, балким, койгон шарттарымды кичине жеңилдетсемби деп ойлонуп калам. Негизинен кыздардын эң биринчи жүзүнө көңүл бурам, ал сыноомдон өтсө фигурасына көз жүгүртөм. Албетте, бул жерде ички дүйнөсүн дагы окуп үйрөнүү тандоого ашыкча болбой тургандыгын белгилей кетиш керек".

"Билишимче, убактылуу болсо балдар фигурасы менен жүзүнүн сулуулугуна бирдей карайт. А түбөлүккө болсо, буларга жан дүйнөсү да кошулат. Алда канча маанилүүрөөк болот. Өзүм жөнүндө айтсам, мен экөөнө тең эле карайм, бирок келбетине көбүрөөк көңүл бурам. Жүзү сулуу болбосо дагы жагымдуу болсо болот. Көрүнгөн жерлерин карагандан кийин анан көрүнбөгөн жагын карайм - жан дүйнөсүн. Аны пикир алышканда гана билесин да".

"Эх, эркек качан сулуулукка тойчу эле? Чүрөктөй болгон кызды алсаң дагы, андан башка сулууларга кылчаясың. Жогорудагы туура айтат, сулуулугуна эле карайбыз чынында, андан кийин анан ички дүйнөсүн. Мен үчүн фигурасы идеалдуу болсо, келбети адамды ирээнжитпеген, сулуу болбосо дагы катардагы эле беттерден болсо болду же тескерисинче, келбети укмуштуудай, фигурасы - катардагыдай фигура болсо боло берет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
20.07.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үйлөнөрдө фигура, сулуулук деген нерсени унутуп мамилесин ички дуйносуно кызыгып карайсын, ушул кызды алсам мени уят кылбайбы, мага ата-энеме мамилеси кандай болот. а үсдүдөгү айтылгандар алар бир күндүк кыздар менимче.
20.07.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура бир кундуктордун келбетине карашат, уйлонууго келгенде мамилесине , сага ылайыкбы жокбу ошосуна карайсын.
20.07.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир аял өзүнчө сулуу,өзүнчө бир китеп.
20.07.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйлонгондон кийин бир эле жерине карап каласын.Тили кыска болсо эле болду.
Эгер фигура,сулуулук башкы ордунда болсо,анда ырчы,артисттер адырашпайт эле.Бирок эн коп ажырашкан ошолор.
Айылдарыбызда 4-5баласы менен эн эле бактылуу болуп жашагандар коп.
Бул проблема озу,проблема деле эмес.
20.07.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш эркектер сулуулук дегенде жата каласыңарго,көзүңөр кызарып,тилиңер салаңдап аркасынан калбай жүгүрүп.
20.07.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык аялзаты озунчо сулуу кайталангыс. Бирок баары эле озун карап жургонду билишпейт. Уйлоноорго келгенде такыр башкача коз карашта карайсын. Туболук жар, балдарындын апасы, ата энендин кокурок келини дегендей. Негизгиси акыл эси, кругозору, тарбиясы болсо болду жеке мен учун!!!)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: