super.kg logo

MegaCom'дон "Элдик Интернет" – эл тандоосу!

 

"Мобилдик интернетсиз жашооңузду элестете аласызбы?" деген суроону замандаштарыбызга берип көрөлүчү. “Жок” деген жооп ала тургандыгыбыз бышык. 4G LTE аркылуу чет өлкөлөрдө жүргөн жакындарыбыз менен баарлашабыз, сатып алган буюмдарыбыз, коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөйбүз, социалдык тармактарга кирип, бардыгынан кабардар боло алабыз. Ушул мисалдардан эле көрүнүп тургандай, кайсы гана жерде болбойлу заманбап кызматтарга муктаж экендигибиз анык.

MegaCom абоненттеринин каалоолорун эске алуу менен, "Элдик Интернет" тарифтик планын иштеп чыккан. Аны колдонгондордун саны күндөн-күнгө арбып, абоненттердин көңүлүнө төп келгендиги көп узабай эле билинди. Анын ыңгайлуулугу эмнеде?

Абоненттерге мобилдик интернеттин көлөмү күндөргө бөлүнбөстөн берилет.

"Элдик Интернет" тарифинин чындыгында эле ийкемдүү шарттары анын эл тандоосуна арзыгандыгынын башкы себептеринен болсо керек. Ар бир абонент өзүнө ылайык гигабайттардын көлөмүн тандап алса болот. "Элдик Интернет 90", "Элдик Интернет 130" жана "Элдик Интернет 170" топтомдору - бул жакындарыңыз менен нон-стоп баарлашуу, жогорку сапаттагы видео-чалуулар, онлайн-оюндар, видеороликтер жана HD сапаттагы фильмдер.

Мисалы, "Элдик Интернет 90" топтомун эле алып көрөлүчү. Ал эң үнөмдүү жана бардыгы үчүн ыңгайлуу. Бул таң калычтуу деле эмес! Топтомду тандап алган учурда сизге жумасына болгону 90 сом үчүн максималдуу ылдамдыктагы 6 ГБ Интернет, түйүн ичиндеги баарлашуунун 100 мүнөтү жана 100 SMS берилет.

Ал эми "Элдик Интернет 130" болсо, көп көлөмдөгү трафикти колдонгондон тышкары, түйүндөн тышкары акысыз чалууларга да басым жасагандар үчүн ылайыкталып иштелип чыккан. "Элдик Интернет 170" топтому жогорку ылдамдыктагы интернет менен активдүү колдонгон ишкер абоненттерибиз үчүн каралган. Алар көптөгөн чалууларды аткарышат эмеспи.

Зарыл болгон учурда, өзүңүз тандап алган каалаган топтомго турбобаскычты кошуп алып, топтомдун аракет мөөнөтү аяктаганга чейин жогорку ылдамдыктагы интернетти колдоно аласыз.

"Элдик Интернет" тарифине өтүү наркы - 60 сом + тандалган топтом үчүн жума сайын алынуучу абоненттик төлөм. Тариф тууралуу толугураак билүү үчүн компаниянын расмий сайтын барактаңыз же *678 номуруна чалыңыз.

"Элдик интернет" - бул чектөөсүз интернет!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: