Татарстандын президенти: “Алтай тектүү элдерди тарых, маданият жана жалпы салты бириктирип турат”
“Алтай тектүү элдерди тарых, маданият жана жалпы салты бириктирип турат”, - деди бүгүн, 20-июлда “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери” эл аралык форумунун ачылышында Татарстандын президенти Рустам Минниханов.
Рустам Минниханов аталган форум тарыхты кызматташтыкты күчөтө турганын айтты.
"Маданиятыбыз, тарыхыбыз бир болгон эл атаандаштыкка даяр болуп, дүйнөнүн бардык талаптарына жооп беришибиз керек. Ошондуктан байыркы тарыхыбызды, салтыбызды унутпашыбыз зарыл. Жалпы коопсуздук жана маданият тармагында көп иштер жасалды. Алтайда башталган тарыхый мурастын маанилүүлүгүн сактап калуу тапшырмасы турат. Бул келечекте изилдөө иштерине жакшы материал болуп, Евразия аймагындагы элдин кызматташуусун бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, - дейт ал.
Форумдун ачылышынан кийин ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, бул абдан маанилүү жана мазмундуу иш-чара экендигин кошумчалады.
“Биз бардыгыбыз тилди, маданиятты, тарыхты сактоо туурасында ойлонобуз. Бул маселелер учурда абдан маанилүү жана актуалдуу, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу”, - деди ал.
"Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери” эл аралык форумунун ачылышына Алмазбек Атамбаев, Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. Форум 21-23-июлга чейин Ысык-Көл облусунда улантылат.
