Бишкектин борборунда жеңил унаа күйүп кетти
Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтынан алыс эмес жерде Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жеринен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Окуя бүгүн, 20-июлда болжол менен саат 13:30 чамасында болгон. Аталган мекемеден билдиришкендей, кырсык тууралуу кабар ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 13:34 чамасында келип түшкөн. Унааны өчүрүү үчүн өрт өчүрүү кызматы барып иштеди. Жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.