super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ИЮЛЬ: 91 жыл мурун советтик саясий ишмер, революциячы Феликс Дзержинский көз жумган

 

Мындан 91 жыл мурун, 1926-жылы 20-июлда чекисттердин "атасы" саналган советтик мамлекеттик ишмер Феликс Дзержинский 48 жашында жүрөк оорусунан улам Москвада көз жумган. Ал 1877-жылы 11-сентябрда Орусиядагы Вилен губерниясынын Дзержиново болуштугунда жарыкка келген. 1898-жылы революциялык үгүт иштерди жасагандыгы үчүн 3 жылга Вятск губерниясына сүргүнгө айдалган.

1917-жылдын 6-декабрында большевиктерге каршы козголоңчуларды тынчытуу максатында Өзгөчө комиссия түзүү (Всероссийская Чрезвычайная Комиссия) туурасында чечим кабыл алынып, ага Феликс Дзержинский төрага болуп шайланган. Бул кызматта 1922-жылга чейин иштеген. Ал өмүрүнүн аягында бийликтин бир диктатордун колунда болушуна каршы чыгып, мамлекеттик аппараттын түзүлүшүн өзгөртүү керектигин айтып чыккан. Бирок анын бул оюна баары кайдыгер карап коюшкан. Феликс Дзержинский эмгекчил элге эркиндикти тартуулоо үчүн күрөшүп, тарыхка из калтырган.

20-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: