"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэрия: "Бишкек шаарындагы "Red Centre" соода борборунун алдындагы унаа токтотуучу жайдын 40 сомдон акы алгандыгы мыйзамдуу"

Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки аралыгындагы унаа токтотуучу жайлардын 40 сомдон акы алгандыгы мыйзамдуу. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июлда Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Анарбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин шаардагы "Red Centre" соода борборунун алдындагы унаа токтотуучу жайдын баасы карапайым эл үчүн кымбат болуп жатканы маалымдалган.
Анарбеков бул көчөдөгү унаа токтотуучу жайды ижарачылар иштетерин, алар унаа ээлерине заманбап шарттарды түзүп жатканын белгиледи.
"Атайын сынактын негизинде бул жер жеке ишканага ижарага берилген. Ишкана сынактын бардык шарттарына жооп берип, унаа токтотуучу жайга заманбап жабдыктарды орнотуп, жашылдандырып, жолдун четин оңдоп-түздөп иштеп жатат. Өнүккөн шаарлардагы унаа токтотуучу жайларда ушундай шарттар түзүлгөн. Бул ишкана жабдууларды Орусиядан буюртма менен алышкан, таманташ коюп, арыктарды оңдошту, жумушчуларга эмгек акысын төлөп беришет. Анын негизинде унааны токтотуу акысы 40 сомдон. Мындан тышкары ижарачылар ижара катары жыл сайын бюджетке 2 миллион сомдой каражат төгүп турат", - дейт Анарбеков.






1 |