СУПЕРСТАН: "Жолдошум мен келгенче тамак жасап, үй шыпырып, кир жууп коёт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер үй жумушун кылса..." деген тема талкууга алынууда.
Темада автор мындай суроо салган: "Кыргыз үй-бүлөдө эркек кишинин кирди айтпай эле коёюн, идиш жууганын көрдүңүз беле? Баласынын жалаягын алмаштырганынчы? Ушул сыяктуу үй жумуштарын кылган эркек кишини көрсөк бизге бул өөн учурап, аялы кайда тентип жүрөт деген ой кетет. Аял киши баарына жетишип, чарчабашы керек дегендей ал роботпу же темирденби? Аялдын орду үйдө, ошондуктан ал аялзатына тиешелүү бардык жумуштарды жасаш керек. Баары эле ушинтип жашап келген, кайдагы батышты айтпагылачы дегендер бар. Бирок эмне үчүн кээде болсо да жубайына жардамдашып, бир күнү "кел, бүгүн тамакты мен жасап берейин" же эртең мененки тамактануудан кийин "өзүм эле жууп коём" дегенге болбойт? Анан түн ортосунда бала ыйласа туруп карап койгонго болбойт. Аялын түртүп "тур, балаң ыйлап жатат" деши керек? Дегеле бизде аялзатын канчалык сыйлашат? Алардын жүгү канчалык? Эркек кишиникичи?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Тамак бир күн жасаса болот. Бирок бир күн жасагандан кийин уланып көп күн жасап калып жүрбөйлү. Негизи кирди, идиш-аякты келинчегиң эле жууп койсо жакшы. Бала ыйлап калса келинчегиңден биринчи туруп сооротуп уктатып койсо болот. Жубайың жакшы уктаса күч топтоп, эртеси тамакты да ары бери жасайт, кириңди да "шапа-шупа" жууйт дегендей".
"Үй жыйноо, кир жуу үчүн чаң сордургуч, кир жуугуч машина бар, дагы эмне керек силерге? Мурунку апаларга миң мертебе рахмат. Азыркылардын келин деген аты эле болбосо, кыйратпайсыңар деле".
"Жалгыз жашап жүрүп көнүп деле бүттүм. Киримди өзүм жууйм, тамак жасап жейм, үй жыйнайм. Андыктан көнүмүш эле жумуштар. Мен эркекмин деп жатып ала тургандардан эмесмин. Аялым жетишпей жатса, өзүм деле кыла бермекмин, анын уяты жок. Эгер аялың иштебей үйдө отурса, бекер анан эмне кылмак, кыймылдайт да. Экөөң тең иштесең түшүнсө болот. Анан көпчүлүк келиндер күйөөсү экөө эле жашабайт, кайын журт менен бирге тургандар көп. Ошондой келиндерге жумуштан келип, үй жумушун кылуу кыйын эле болсо керек. Бирок түшүнүктүү, бардык оокатты келинге үйө бербеген жакшы үй-бүлөлөр да бар".
"Мен эски түшүнүк менен жашаган адам болсом керек. Менин байкем үйлөнүп алып, кир жууп, үй шыпырып, тамак жасап жүргөнүн көрсөм ичим өрттөнүп кетмек (жеңебиз ооруп калса башка кеп). Ошол сыяктуу эле болочоктогу жолдошумдун үй жумуштарына кийлигишүүсүн каалабайм. Аялдын орду үйдө, эркек жубайын дагы иштегенге мажбурлабай, ошол үй-бүлөнүн кем каржысын толуктай билиши керек".
"Жолдошумдан айланып кетсем аздык кылат окшойт. Жогорудагы аялга тиешелүү жумуштарды баарын жасайт. Күндө дебейм, бирок көбүнчө эле жардамдашып турат. Тамак жасап, үй шыпырып, мен үйдө жок болуп калсам кир деле жууп коё берет. Мен үйгө келгенде баары таптаза турат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

















1 |