super.kg logo

Бишкектин Комсомол жана Пионер көлдөрүндө кумга оонап, сууга түшкөн эс алуучулар (фоторепортаж)

 

Жай мезгилинде Бишкек шаарынын жашоочулары көл жээктеринде эс алышууда. Борбор калаанын Пионер жана Комсомол көлдөрүндө күн сайын жүздөгөн адам эс алып, сууга түшүп кетишет. Аталган көлдөрдө сууга түшүүчүлөрдүн коопсуздугун караган куткаруучулар тобу иштейт. Алар эки топко бөлүнүп иш алып барышат.

"Быйылкы жылы сууга түшүү сезону 1 жарым айга кеч ачылды. Эс алуучулардын саны күн сайын көбөйө баштады. Көбүнчө мектеп курагындагы балдар келишет. Айрымдары ата-энелери менен келсе, басымдуу бөлүгү курбу-достору менен. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сак болууга чакырабыз. Быйылкы сезондо бир жаш бала сууга чөгүп, куткаруучулар өз убагында жетип куткарып калышты. Ошондой эле мас абалда сууга түшүп, чөгүп жатканда куткаруучулар сактап калышкан", - дейт куткаруучу Таласбек Шайдиев.

Эс алуучулардын коопсуздугун камсыздаган куткаруучулар саат 10:00дөн кечки саат 21:00гө чейин күзөттө турушат. Сууга түшүүдө атайын белгиленген ченден ары өтпөө үчүн атайын белгилер орнотулган, тилекке каршы, аны белгисиз бирөөлөр кыркып кетишкен.

"Комсомол менен Пионер көлдөрүнүн жээктерине кум төгүлүп балырлары тазаланганы менен, баары бир эс алууга шарты талаптагыдай эмес. Эс алуучулар айласыздан келип жатышат. Биз эки кайык менен суу ортосуна чейин барып иш жүргүзөбүз. Сууга түшкөндөр Комсомол көлүнө көбүрөөк түшүшөт. Анткени ал жакта сууга бийиктиктен секирүүгө шарт түзүлгөн", - деп кошумчалады Шайдиев.






Көл жээгиндеги эс алуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: