super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жумушка кечигип келип, элди күттүргөн Кадамжайдагы паспорт столдун кызматкери тургундардан кечирим сураган" дейт мекеменин башкы адиси

 

Кадамжай районуна караштуу Кайтпас айылында жарандарга паспорт берүүчү мекеменин кызматкери жумушка кечигип келгендиги үчүн аны күтүп калган тургундардан кечирим сураган. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июлда Кадамжай райондук паспорт-виза каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Айбек Амиров SUPER.KG'ге билдирди.

Амировдун айтымында, Кайтпас айылындагы паспорт столдо жалгыз кызматкер иштейт. Ал 4 айыл аймактын элин тейлейт, төрт айыл аймакта биригип 31 миңден ашык калк жашайт.

Буга чейин Кайтпастагы паспорт столдун кызматкери жумушка кечигип келгендиктен, кезек күткөндөр көбөйүп, калк нааразы болуп жатканын окурман билдирген.

"Биз бул маалыматты окугандан кийин Кайтпастагы кызматкерибиз Айдаралы Мырзаев менен сүйлөшкөнбүз. Ал ошол күнү эртең менен райондук бөлүмгө келип, почтага келген документтерди алып кеткен. Мен өзүм көргөм, ал райондун борборунан жумушуна жеткенче 15 чакты киши топтолуп, күтүп калыптыр. Айдаралы дароо эле тургундардан кечирим сураптыр. Бизге да байланышып, түшүнүк кат жазып бере тургандыгын айтты. Мындан кийин абал кайталанбашы үчүн ал райондон документтерди алып кетүүгө эрте келип турарын убадалады", - деди Амиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.07.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карга карганын козун чукубайт!!
20.07.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечигип келдиби, кечигип кетсин! Кечирим сурап коюп баарыбыз эле кечигип уктап жатмакпыз андай болсо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: