super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мечиттеги садагага чогулган акча кайда жумшалат жана аны ким эсептеп, көзөмөлгө алат?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мечиттеги садагага чогулган акча кайда жумшалат?" деген тема талкууга алынууда.

Темада автор мындай суроо салган: "Менин бул суроомо, балким, таң калат чыгарсыздар. Чынында аз эмес акча топтолот. Алардан ким отчёт алат? Ушул убакка чейин мечиттен баланчага мындай жардам көрсөтүлдү дегенди уккан эмесмин. Мына, гезиттин ар бир жаңы санына кыйын күндү кечирген тагдырлар чыгып жатат. Ушул убакка чейин молдокелердин жардам бергенин билбейм. Балким, менин кабарым жок чыгар, кечирип коюңуздар. Катар-катар менен мечиттердин эле салынганын көрбөсөм. Карапайым калкка пайдасы тийип жатабы? Көзөмөлгө ким алат? Садаганы кайда коротушат?"

Темадагы билдирүүлөр:

"Садаганы эл көзүнө берген же жакшы ишти эл көзүнө көрсүн деп кылган адамга сооп бул дүйнөдө гана жазылып калат. Эгер чын ниеттен бирөөгө жардам берүүнү кааласа купуя бергени жакшы. Ал эми мечитке түшкөн акча молдолордун айлык маянасына (2-3 жылдан бери пайда болуптур), медреседе билим алып жаткан жаштарга (медреседе бекер окутат) жумшалышы мүмкүн. Аны бир Кудай жана муфтий, казылар билет. Ал эми айылдык молдокелер алган акчаны ошол шаарга барып төгүшөт".

"Канча жылдан бери намаз окуп, мечитке каттайм. Ушул садаганын акчасын ким, каякка жумшайт деген суроону эч кимге бербептирмин. Бир билгеним бар ошол мечитке түшкөн акча кайра эле ошол мечиттин өзүнө жумшаларын. Ал жерде миллиондогон акчалар жок. Силер кызыккан ислам дининде, шариятта көп жакшы нерселер бар. Эмне үчүн ошончо жакшы нерселерди көрбөй, ушул кичинекей нерселерден айып издеген адамдарга таң каласың".

"Мечитке барып турганыңда ал акчага маани да бермек эмессиң. Себеби ал акчалар адал нерсеге жумшалат. А битир жана башка учурда чогулган акчалар бей-бечараларга таркатылып берилет. Сен укпасаң же көрбөсөң молдолор жеп алды, же эч кимге таркатып бербей койду деген маанини түшүндүрбөйт. Деги эле молдолордон жардам күтпө, алар сага же башкага жардам берүүгө милдеттүү эмес, тескерисинче, биз аларга жардам берүүгө милдеттүүбүз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
24.07.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба, мен деле кызыкпаптырмын. Албетте атам замандан бери беребиз кайрымдуулукка кетет да. Жаман нерсени ойлош бул озу куноо го. Молдолор кудайдан коркпосо анда ким коркот, кай жакка сарпталарын элге жар салып айтпаса керек да.
25.07.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira..., молдолордун Кудайдан корккону да, коркпогону да бар. Сен муфтияттагы коррупциядан кабарын жок окшойт...
25.07.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2,сен даййыма дин жонундо соз болгондо баса калып жамандайсында Ээ сага бардыгыле намаз окуса авретин жапса эле фанат экстремист болуп кетеви ошол сирияга сага окшогон динден маалыматы жокторду оной алдап алып кетишет динге асылбай молдо аалымдарга асылбай эле койбойсунбу?!Кудайдын каарына калбагын Кудайга аркы дуйного ишенесинби деги?
24.07.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moldolrdyn kovy kydaidan dele korkyshpait
24.07.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин айлымда 3 минге жетпеген Адам жашайт тен жарымы шарда но менимче айт намаста 10000 жыйылыптыр мен анча акча жыйылбаса керек дегем
24.07.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз билбеген,корбогон кедей-кембагалдарга беришет болуш керек.Себеби,коп байкайм,адамдар чын эле жашоодогу оор абалга туш келгенде Мечиттен жардам сурашат.
Туугандар бири-бирибизге ишенишибиз керек.Туура жолдо иштетилет деп ишенем
25.07.2017. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен бироолордун айыбын ачкан жокмун бирок билип койгула коруппция мечитте да гулдоп турат. Мисалы бекер келген китептерди сатышат молдолор. Ушунусун билем билбегеним да коп. Кресло талашылат. Муфтий билет баарын ошондон сурагыла. Мм дагы мечитте жургондордун баары эле ыйык эмес. Динге тиешелуу иликтоо журсо эле жабалактап болуша кетесинер ойлой окшойсунар ыйык адамдар деп,динди бетке жаап алып алдап соолап жургондор да бар. Кудай тараза.
25.07.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djal1987, туура айттын, козго сайып корсотуп турсан да чындык менен эсепиешпеген фанаттар кобойуп кетти бул заманда....
25.07.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен мамлекеттик кызматта эмгектенем. Дин жаатында дагы анчалык деле сабатым жок жана дин кызматкерлеринин таламын талашып жаткан жокмун. Эми ушул мечиттеги акчаны айтып чыксам, коомчулук аябай колдоп калат мени деген го... Канткен учурда дагы мечитке берилеген акчанын сообун жараткан озу берет. Антип, дин кызматкерлерине таш ыргыткандан коро мечитке акча бербе дагы айтпа дагы ошончолук шек санасан. Ошол дин кызматкерлери эмгектенгендиктен аздап болсо дагы жакшы жакка бурулуп атабыз деп ойлойм.
25.07.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А акчасын болсо Чубак ажы Жалиловдой, Максат ажы Токтомушевдей, Абдышукур ажы Нарматовдой акылы тунук аалымдар бар. Сен ойлогонго чейин чечип коюшат. Алар сен экообуздон жакшы билет адал-арамды. Антип сен озунду кыйнабай, колундан келсе мечиттин алдын шыпырып кой сооп аласын.
25.07.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
matilla, кимдир бирөөнүн адамдык аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
25.07.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салаиатсызбы админ суперинфого дин аалымдарын чакырбайсыздарбы мисалы Чубак Жалилов ажы, Абдушукур Нарматов ажыларды ушулга окшогон суроолорго жооп беришмек, алар бутундой кыргыз мусулмандарына пайдалуу кенеш беришмек
25.07.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kayratbek81, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: