Бишкек шаарындагы мечиттердин баарында азанды бир убакытта уккулуктуу айтуу боюнча маселе көтөрүлдү

Бишкек шаарындагы мечиттердин баарында азанды бир убакытта айтуу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Имамдардын катышуусунда өткөн жыйында Бишкек шаарындагы мечиттерде азанды бир убакытта айтуу, намаз убактысы боюнча чыгарылган китепченин негизинде иш алып баруу жаатында тапшырмалар берилди. Жыйындын жүрүшүндө азанды уккулуктуу кылып айтууга, калаадагы имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырык жасалды. Мындай максаттагы жыйын жакынкы күндөрдө Ош шаарында дагы өткөрүлөт", - дейт маалымат катчы.
"Борбор калаада азанды бир убакытта айтуудагы максат жөн гана иретке келтирүү. Буга чейин коомчулукта азандын үнүн азайтуу боюнча көтөрүлгөн маселеге тиешеси жок", - деп билдирди муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Ибраимжанов түнкүсүн мечиттерде азан айтууга тыюу салууну парламенттин жыйынында айткан.


Кее бирибиз намаз окубай Аллах Тааланын ишине каршы чыгабыз. Аллахтын ишине каршы чыккандарга катуу азап болот эстеп койгула. Азанга тыюу салбаш керек. Динге каршы чыккан жерде садака, зина, алдамчылык, уурулук болгон жерде. Жер кочку жер титироо авария сел журуп атат. Мунун баарын айтсак Аллах тааланын айтканын аткарбай атабыз. Ошондуктан Аллах Тааланын ишине каршы чыкпагыла. Сурак бар баарына.