super.kg logo

Кайрат Мусаев жаңыдан түзүлгөн Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

 

Кайрат Мусаев жаңыдан түзүлгөн Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кайрат Мусаев 1985-жылы 26-октябрда туулган. 2006-жылы КУУнун Юриспруденция факультетин бүтүргөн. Жазык аткаруу системин реформалоо башкармалыгында инспектор, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында улук инспектор, Өкмөттүк аппаратта пландоо жана анализ бөлүмүнүн башчысы, президенттик аппаратта мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрдык иш бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы токтому менен түзүлгөн. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйынында республикада бирдиктүү соттук-эксперттик орган түзүү, Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринин эксперттик түзүмдүк бөлүмдөрүн бириктирүү чечими кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.07.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМдин соттук-экспертиза отдели барго, бул ошол отделдин дубликаты болуп калдыго. Ашыкча мамлекеттик чыгым болот турбайбы. Кызматкерлерге айлык акы; алардын содержаниеси канча сыгым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: