ЖЫЛНААМА, 21-ИЮЛЬ: 9 жыл мурун айтылуу дирижёр Асанкан Жумакматов көз жумган
Мындан 9 жыл мурун, 2008-жылы 21-июлда Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, СССРдин Эл артисти, КРнын Баатыры Асанкан Жумакматов 85 жаш курагында көз жумган.
Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июнда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата айылында болуштун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1928-жылы жазында атасын бай-манап катары камакка алып, Сибирге сүргүнгө айдашкан. Ал эми Асанкан Жумакматов апасы жана бир тууган байкеси менен Украинага көчүрүлуп, ал жерде балдар үйүнүн өздүк чыгармачылык оркестринде музыка менен алектене баштаган.
1938-жылы мекенине кайтып келип, педагогикалык техникумдун даярдоо бөлүмүнө кирген. Согуш башталган жылдын аягында Асанкан Жумакматов Кызыл Армиянын катарына өз ыктыяры менен кеткен. Сталинград салгылашуусуна катышып, сол ийининен оор жаракат алып, 1944-жылдын аягында мекенине кайткан. Ал "Кызыл Жылдыз" жана биринчи даражадагы Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери, "Германияны жеңгендиги үчүн", "Сталинградды коргогондугу үчүн" Жуков атындагы медалдар менен сыйланган.
1945-жылдын сентябрынан баштап Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын дирижёрдук, андан кийин опера-симфониялык дирижёрдук факультетинде окуган. Консерваторияны аяктаган
соң өз мекенине кайтып, Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру болуп дайындалган. 1958-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун экинчи декадасын жетектейт. Андан сырткары жыл сайын дүйнөлүк масштабдагы таанымал солист-вокалисттер менен бирге көптөгөн концерттик программаларды даярдоого үлгүрөт. Анын дирижёрдук өмүрү Опера жана балет театры менен жарым кылымдан ашуун мезгилге байланган. Ал Сергей Прокофьевдин "Ромео менен Жульетта", Жузеппе Вердинин "Аида", Модест Мусоргскийдин "Борис Годунов", Жакомо Пуччининин "Кусалык", Виктор Власов, Абдылас Малдыбаев жана Владимир Ференин "Токтогул", Михаил Раухвергердин "Жамийла" жана башка көптөгөн чыгармаларын оркестрге салган.

21-июлга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.