Өлкө аймагында акыркы 4 жыл ичинде мал доктурлардын саны 60 пайызга өстү
Өлкө аймагында мал доктурлардын саны акыркы 4 жыл ичинде 60 пайызга жакын өстү. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы жеке ветеринардык адистердин саны 1500дөн ашык болсо, бүгүнкү күндө республика боюнча 2373 жеке ветеринардык адис каттоодон өткөн.
"Жеке мал доктурлардын санынын өсүшү Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарында байкалган. Алардын 6,5 пайызын аялдар түзүп, Чүй облусунда 43 аял мал доктурлук менен эмгектенет. Баткен облусунда эки жеке ветеринар аял иштейт. Адистердин 12,2 пайызын 30 жашка чейинки курактагы адамдар түзсө, 70 пайызын 30 жаштан 60 жашка чейинкилер, ал эми 15,4 пайызын 60 жаштан жогоркулар түзөт. Жалпы адистердин 35 пайызын ветеринардык врачтар, 51,1 пайызын фельдшерлер, 13,7 пайызын ветеринардык санитарлар түзөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
