super.kg logo

Орусияда никесин каттатып жаткан жигит колуктусуна болушуп мушташ чыгарды

 

Орусиянын Нефтеюганск шаарына жакын жайгашкан жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө никесин каттатуу үчүн келген 2 жигиттин ортосунда мушташ чыкты. Орусиялык маалымат булактарынын кечээ, 20-июлда жазган маалыматына ылайык, мушташты видеокөзөмөл жаздырып калган.

Окуя болгон жерге медициналык "Тез жардам" кызматы чакыртылып, андан кийин жаңжал тууралуу полицияга кабар берилген. Мушташтан жабыркаган 33 жаштагы эркек киши башынан оор жаракат алып, Нефтеюганск шаарындагы ооруканага жеткирилген.

"Жабыркаган жаран мас абалында жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө нике күбөлүгүн алуу үчүн келген жаш түгөйлөрдүн колуктусун шылдыңдаган. Үйлөнүп жаткан адам ага ачууланып, 2 киши мушташа кеткен. Натыйжада сабады деп шектелип жаткан киши каршылашынын саламаттыгына коркунуч жараткан бир нече сокку берген", - деп билдирген полиция бул чыр боюнча.

Кишини сабаганга шектелип жаткан жаран түгөйү менен из жашырып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
21.07.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Озунон корсун, чала эле болуптур. Биринчиден иш убактысында мас болсо экинчиден бироонун колуктусун шылдындаганы туура эмес. Куйоосу лох болуп унчукпай койсунбу анан. Баары эле ушундай кылмак менимче. Туура эле кылган,просто качпастан азыраак уруп, арыз жазып коюш керек эле да
kechirmeni түзөттү 2017-07-21 09:22:01
21.07.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эркек экен. Келинчегинди бироо шылдындап жатса сен деле жон турбасан керек.
21.07.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ырас болот энен.анан эмне шылдындайт шакалат.
21.07.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус болсо бизге не тиешеси бар кыргыз болсо чыгарсанар болот
21.07.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkek aialynyn cnacn tyrnagyna anyn abroiuna joopker.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: