super.kg logo

Казакстанда коррупциялык ишке шектелип жаткан адам прокурор менен полиция кызматкерине ок чыгарып андан соң өзүн өзү атып салды

 

Казакстанда коррупциялык ишке шектелип жаткан адам прокурор менен полиция кызматкерине ок чыгарып андан соң өзүн өзү атып салды. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, 20-июль күнү саат 14:30дар чамасында 61 жаштагы адам Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа менен келип Целиноград районунун прокуратурасынын имаратында прокурорго жана полиция кызматкерине ок чыгарып, андан соң унаасы менен качып кеткен.

Окуядан он мүнөт өткөн соң шектүүнүн жансыз денеси алыс эмес жерден, унаасынын жанынан табылган. Ал өзүн өзү жүрөк тушка атканы маалым болгон.

Кийин аныкталгандай коррупцияга каршы иш алып барган мекеме шектүүнү акча уурдоого айыптап, суракка алып жаткан. Ошондой эле аталган маалыматта жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын абалы туруктуу экени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.07.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ага ылайык дегени неси
21.07.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аркасынан кууп барган менттер атты да аны,андай ситуацияда тируу калтырышпайт...а официальная версия как всегда-самоубийство..
22.07.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылыптыр,
Биздикилерди ата турган бироо болсо гана
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: