Япониянын премьер-министринин жубайы Дональд Трампка кечки тамактануу учурунда такыр сүйлөбөй койду

Акиэ Абэ - Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин жубайы. Ал Гамбургда өткөн дүйнөдөгү ири 20 өлкөнүн саммитинде Дональд Трамп менен биргеликте болгон кечки тамактануу учурунда такыр ооз ачып сүйлөгөн эмес. Япониянын биринчи айымы тууралуу АКШнын президенти The New York Times'га берген интервьюсунда билдирген.
"Тамактануу учурунда "ажайып аял" менин жанымда отурду. Тилекке каршы, ал англисче сүйлөй албайт экен. Ал тургай "салам" деген сөздү да билбейт. 2 саатка жакын убакытка созулган тамактануу учурунда бир да үн каткан жок. Абдан ыңгайсыз абал болду", - деген Трамп интервьюсунда.
Бирок аталган гезиттин журналисттери Акиэ Абэ англис тилинде эркин сүйлөй аларын белгилешкен. Ал өзү катышкан симпозиумда англис тилинде сөз сүйлөгөндүгү бул тилди билерине далил экенин жазышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Сенин Атамбаевинде кымындай ар-намыс болсо, эбак эле креслосун тапшырып кызматтан кетмек....
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болгула!