ЖЫЛНААМА, 21-ИЮЛЬ: Кыргыз Эл артисти Токон Эшпаевдин көзү тирүү болсо 67 жашка толмок
Ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Токон Эшпаев көзү тирүү болсо бүгүн, 21-июлда 67 жашка толмок. Ал "Акманым", "Жаштык, жаштык", "Өмүр салтанаты" жана башка көптөгөн чыгармаларды ийине жеткире аткарып элдин эсинде сакталып калды. Токон Эшпаев 1950-жылы 21-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси башка уулдары чарчап калгандыктан, ырым кылып атын Токтомамат деп коюшат. Кийин Токон болуп кыскарып кеткен экен.Ал жалгыз уул болгондуктан балалыгында ата-энеси көзүн карап, эрке өстүргөндүгү тууралуу көзү тирүү кезинде, 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айтып берген.
Эшпаев мектепти аяктап, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетинен билим алган. Студент кезинде «Ай, эжеке» деген ыры менен музыка сүйүүчүлөргө таанылган. 1992-жылы Эмгек сиңирген артист наамына, 2011-жылы Эл артисти деген наамга татыган. Анын «Жаштык», «Кызыл желек», «Ай, эжеке», «Атама», «Актилек», «Чаткалым», «Ак көйнөкчөн аппак кыз» өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган. 1970-жылы Иноват Камбаралиева менен баш кошуп, 44 жыл чогуу түтүн булатышып 5 баланы тарбиялап чоңойтушкан.
Токон Эшпаев 2014-жылы 2-августта узакка созулган оорудан улам 64 жашында көз жумган.
21-июлга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















