Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын жактоочусу ооруканага түштү
Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум болгон. Бирок Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруканага жаткырылганынан улам соттук отурум 24-июлга жылдырылды.
Чынара Жакупбекова бүгүн эртең менен "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.
"Кечээ ал үчүн оор күн болду. Эртеден кечке Өмүрбек Текебаевдин процессинде болгон. Кечинде соттон кийин ал өзүн жаман сезип баштаган", - деди Аида Салянова.
Айта кетсек, Чынара Жакупбекова Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочусу катары соттук отурумдарга катышып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
s.k.bakyt

21.07.2017. 18:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарына эле жанталаша бербей башка адвокат жалдап алгыла дебейби. Же башкалардын духу жетпей жатабы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.