super.kg logo

Муфтият ажыга бара тургандарды баштап жүрүүчүлөргө сабак өтө баштады

 

"Ажылардын ажылык амалдарынын аткарылышына ажы башчылар жооптуу. Мындай пикирин муфтияттын аппарат жетекчиси Абибилла Кадырбердиев билдирди", - деп жазат Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы борбордук мечитте Абибилла Кадырбердиев Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Бишкек шаарынан ажыларды коштоп баруучу ажы башчыларга сабак өтүүдө.
Ал ажы башчыларга ажылардын коопсуздугу менен саламаттыгына өзгөчө көңүл буруп, өз учурунда алардын суроолоруна жооп берүүнү милдеттендирди. Ошондой эле ажылык парзын аткарууда чач алдыруу, ихрам байлоо, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү амалдардын так аткарылышы боюнча маалымат берип, Сауд Арабиянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого чакырган.

“Ажылардын ажылык амалдарынын аткарылышына ажы башчылар жооптуу экендиги эсиңиздерден чыкпасын. Ажылыкка бараткан мекендештерге сабактарды өтүү менен, ажылыктын эрежелерин ханафий мазхабы көрсөткөн тартипте кылдат түшүндүрүп бериңиздер. Ошондой эле ажылардын коопсуздугу менен саламаттыгына көңүл буруп, ар убакта ажылар менен тыгыз байланышта болушуңуздар керек" дейт Кадырбердиев сабак учурунда", - деп жазылат муфтияттын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: