Жумгал районунда жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта жашаган эки үй-бүлө көчүрүлдү



Жумгал районунда жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган эки үй-бүлө көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМнын маалыматына караганда, Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын Туюк-Суу жана Маяковский аймактарында жер көчкүнүн активдешүүсү 2004-жылдан тарта башталган. Ушул күнгө чейин Туюк-Суу аймагында 23 үй-бүлө, Маяковский аймагында 2 үй-бүлө башка коопсуз жайга көчүп кетүүдөн баш тартып жашап келишкен.
"20-июль күнү Маяковский аймагындагы 2 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү иштери жүрдү. Тургундардын бирине айыл өкмөтү тарабынан турак үй сатып берилсе, бири өзү алган үйгө көчкөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Ал эми Туюк-Суу аймагында жашаган 23 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча да иштер жүрүүдө.
