super.kg logo

Өлкөдө "Сүйүү жана сууга ыраазычылык" акциясы өтөт

 

Кыргыз өлкөсү 25-июлда Бүткүл дүйнөлүк сүйүү жана сууга ыраазычылык күнүн белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда "Эр Төштүк" жаңы маданияттын кайра жаралуусу" коомдук фондунун төрагасы Андрей Ли билдирди.

Анын айтымында, бул күндү белгилөөнү жарандык коом демилгелеп, өлкөдө 10-жылы аталган акция өткөрүлөт.

"Акцияда тургундар өлкөнүн каалаган жеринде жүрүп, сууга арнап "Мен сени сүйөм" жана "Сага ыраазымын" деген сөздөрдү айтат. Сөздөр кайсы тилде айтылып жатканы мааниге ээ эмес. Тартынгандар болсо сыртка угузбай айтса да болот. Буга чейин окумуштуулар суу сырткы аракеттерге таасирлене аларын аныкташкан. Ага жакшы сөз, тилектер айтылса ал адамга ошончолук оң энергияны берет. Акциянын уюштуруучулары жана катышуучуларынын баары саат 17:00дө 5 мүнөттүк убактысын сууга бөлүп, жогорудагы жылуу сөздөрдү арнашат. Бул күнү элге позитивдүү маанай тартууланат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: