Билим берүү жана илим министри: "Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн бери өлкөдө алардын жетишсиздиги жоюлду"

Кыргыз өлкөсүндө мугалимдердин айлык акысынын жогорулашы менен кадрлардын тартыштыгы азайды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өкмөттүк жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча 79 миң 708 мугалим бар. Үч жыл мурун мектептерде 3 миң окутуучу жетишсиз болсо, азыр мугалимдерге 401 бош жумушчу оруну бар. Анда белгиленгендей, ушул жылдын март айына карата өлкөдөгү мугалимдердин орточо айлык маянасы 13 миң 824 сомду түзгөн.
Мындан сырткары министр акыркы беш жылда республика боюнча 309 жаңы мектеп пайдаланууга берилгенин, анын ичинде 77 мектеп өткөн жылы курулгандыгын айтты. Ошондой эле 100 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Мугалимдердин орточо маянасы 14мин деп коюшат уялбай...
Айылда мугалимдердин алды 14мин албайт го?!!.....
майрам кундорго толонбойт,баягы эле койгой,мугалимдер эс алууну унутушкан ...Дагы уялбай бетине кармап коюшат мугалимдерди!!!