super.kg logo

Венесуэлада бийликтин Конституцияга өзгөртүү киргизүүсүнө каршы уюштурулган баш аламандыктан 2 адам каза тапты

 

20-июлда башталып, 21-июль күнү таңкы саат 06:00гө чейин уланган Венесуэладагы массалык баш аламандыктан 2 адам каза таап, дагы 9 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Шаарлардын көпчүлүгүндө, түрдүү соода түйүндөрүндө иш токтоп, транспорт кыймылы үзгүлтүккө учурады. Жолдорго тосмолор коюлуп, мамлекеттик телеканалынын алдына чогулган демонстранттарга полиция көздөн жаш агызуучу газдарды колдонууга аргасыз болушту. Каза болгондордун бири 24 жаштагы Ронни Техера Миранда штатында окко учса, 23 жаштагы Андрес Ускатеги да тосмолордун жанында каза тапкан. Ошондой эле 261 адам бийликке каршылык көрсөткөндөр катары колго түшүшкөн.

Элдин негизги талабы - президент Николас Мадуронун Конституцияны өзгөртүү аракетинен баш тартуусу. Ошондой эле оппозиция саясий эркиндикти калыбына келтирүүнү жана калкты азык-түлүк, дары-дармек менен камсыз кылууну жакшыртууну талап кылууда.

Президент Николас Мадуро 30-июлга референдум өткөрүүнү бекиткен. Референдумда аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтип, көпчүлүгү оппозиция өкүлдөрүнөн турган парламенттин мүмкүнчүлүктөрүн азайтуучу Конституцияга шайлоо болот. Дүйнөнүн көптөгөн америкалык өлкөлөрдүн бирикмесине кирген мамлекеттери Мадурону референдум өткөрбөөгө чакырышкан. Эгерде президент Конституцияны өзгөртүү максатынан кайтпаса, анда АКШ Венесуэлага санкция киргизерин жарыялаган. Санкцияда Венесуэла ИДПсынын негизин түзгөн нефтини АКШга экспорттоо мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: