super.kg logo

Ленин райондук сотунда конвойго кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда конвойго кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кылмышка шектүүнү Ленин райондук соттун имаратына алып келген конвойдун сабалышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Эки тарапты беттештирүү аракети көрүлүп жатат. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгарылып, "денесинен жеңил жаракат алган" деп жыйынтык чыгарып берди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин 6-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзгөн айдоочунун иши боюнча биринчи соттук отурум өткөн. Анда кылмышка шектүү Мирлан Ажибековду конвой алып кетип бара жаткан учурда эки окуучунун жакындары ага кол көтөрүшүп, сабоого аракет кылышкан. Бирок аларды конвой токтотуп калган. Ошол учурда айрымдар конвойго да кол көтөрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.07.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чагымчылдар. Тосмо арыз жазып беришиптир эле го. Эми эмнеге кол көтөрүшөт, акчасын толук төлөтүп алгандан кийин, анчалык эле жаның ачып турса, тосмо арызды бербе жана акчасын алба. Адамдарда уят деген калбай баратат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: