Путиндин аукционго коюлган сааты 1 миллион еврого сатылгандыгы маалымдалууда



Владимир Владимирович Путин деген ысымга таандык болгон сааттын аукциондон 1 миллион еврого сатылгандыгы тууралуу Би-би-си маалымат агенттиги жазууда.
Маалыматта айтылгандай, Patek Philippe Triple Complication - кымбат баалуу үлгүдөгү сааты сатып алган адам коомчулукка жарыяланбайт. Аукционду уюштурган Monaco Legends ишканасы анын аты-жөнүн жашыруу менен коопсуздугу корголорун айткан. Сырты ак алтындан капталган, түбөлүктүү календарь жана алтын циферблаттуу бул саат чектелүү бирдикте гана чыгарылат. Ал башка товарлар өңдүү сатыкка чыгарылбайт. Атайын буюртма менен өзгөчөлүү кардарлар гана сатып ала алышат.
"Саат кепилдик документтери менен аукционго коюлган 1-күнү эле сатылган. Аукциондон саатты алган адам ал үчүн 1,054 миллион евро төлөгөн. Сааттын аукционго коюла тургандыгы жөнүндөгү маалыматты Antiquorum аукцион үйү өзүнүн сайтына сүрөтү жана документтери менен жарыялаган. Документте кожоюну деген жерде Mr Vladimir Vladimirovic Putin деп жазылып турган. Мындан улам уюштуруучулар 1 миллион долларлык саат Орусиянын президенти В.Путинге тиешелүү болушу мүмкүн деп болжолдошкон. Бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул маалымат жалган деп жооп берген. Өз кезинде Monaco Legends саат өлкөдөгү эң таасирдүү адам аркылуу президент Владимир Путинге белек катары алынгандыгын айткан", - деп жазылат маалыматта.











1 |